Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение" сынагында экинчи орунду ээледи

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение — 2025" сынагында экинчи орунду ээледи.
Эскерте кетсек, эл аралык музыкалык конкурс 20-сентябрь күнү Москванын Live Аренасында өтүп, 22 мамлекеттин өнөрпоздорун чогултту.
Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаевден турган кыргызстандык топ Махабат Молдалиеванын сөзүнө жазылган Мурзали Жээнбаевдин "Жалгыз сага" чыгармасын аткарды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен вьетнамдык ырчы Дык Фук биринчи орунду ээлеген. Ал эми үчүнчү болуп катардык Дана Аль-Мира табылды.
Жакынкы коңшулардан Тажикстан 5-орунду, Казакстан — 7 жана Өзбекстан 10-орунду ээлеген.
Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение” сынагында кандай ырдады. Видео