Канада, Австралия жана Британия Палестинаны мамлекет катары таанышты

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Үч өлкө: Канада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны бүгүндөн тарта мамлекет катары тааный турганын жар салды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн премьер-министрлери айтканын РИА Новости жазды.
Палестина ТИМ башчысынын орун басары Омар Авадалла чечим чыгарган мамлекеттер Палестина Жакынкы Чыгыштын ажырагыс бөлүгү болушун каалай турганын билдиришкенин белгиледи.
“Мындай билдирүүлөр Израилдин басып алган аймактарында суверенитети жок экенин жана буга чейин Израилди тааныган өлкөлөрдүн баары аны 1967-жылдагы чек арасы менен, оккупацияланган палестиналык жерлерден тыш аймагы менен тааный турганын айгинелейт”, — деди Омар Авадалла.
Эске салсак, ушу тапта Палестина мамлекетин дүйнөнүн 147 өлкөсү тааныйт. Анын ичинде Россия дагы бар. 2024-жылы АКШ Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушуна вето койгон. Былтыртан бери Палестинаны 10 мамлекет тааныды, алардын арасында Ирландия, Норвегия, Испания жана Армения бар.
Демократтар Палестинаны таануу жөнүндөгү резолюцияны АКШ Сенатына киргизишти