Финансы министрлиги өлкө карызы боюнча маалымат берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызы июнь айынын аягына карата 8 миллиард 384 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Соңку маалымат:
карыздын жарымы же 5,2 млрд доллардан көбү тышкы карызга, калган бөлүгү ички карызга туура келет;
тышкы карыз 300дөн ашык кредиттен турат, алардын дээрлик баары жеңилдетилген шарттагы (кепилдик мөөнөтү ондогон жылдар, пайыздык ставкасы 0,1–2%) насыялар;
ири кредиторлор: Кытай, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Евразиялык туруктуулук жана өнүктүрүү фонду. Аларга тышкы карыздын 70% туура келет;
келерки жылы өкмөт 20,1 миллиард сомго көбүрөөк мамлекеттик кагаздарды чыгарып, ички карызды 56,1 млрд сомго жеткирүүнү көздөөдө. Андан кийинки жылдары карыздын көлөмү кескин кыскартылмакчы;
мамлекеттик карыздын тейлөөгө кеткен чыгымы быйылкы 78,6 миллиард сомдон 2028-жылга карата 124 миллиард сомго жетет.
Кыргызстан финансы системасын санариптештирүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүн артта калтырды