БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Жээналы Орозбаев Кыргызстан эмне себептен Казакстандын арзан күйүүчү майын сатып албай турганын радиоэфирде түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда АИ-92 маркасындагы бензиндин чекене баасы орточо 70 сом болсо, Казакстанда 40 сом. Бул айырмачылык Казакстанда күйүүчү майга бюджеттик компенсациялардын берилиши менен байланыштуу.
"Казакстанда ички рынок үчүн баа төмөн коюлган. Бирок экспорттук баасы таптакыр башкача, Россиядан да кымбат. Ошондуктан экономикалык жактан алып караганда, биз үчүн күйүүчү майды Россиядан сатып алуу пайдалуураак", — деди Орозбаев.
Эске салсак, Кыргызстан жыл сайын Россиядан бир миллион тоннадан ашык күйүүчү май ташып келет.