БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет 22-сентябрдан 28-сентябрга чейин өлкө ичинде аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, келерки аптада айрым райондордо жаан-чачын күтүлүп, күн күркүрөшү ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар жаашы да мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Чүй жана Талас облустары
22-сентябрда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 23-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. 24-26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт. 27-28-сентябрда күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
22-23-сентябрда тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт. 24-26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 27-28-сентябрда күн ачык болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
22-23-сентябрда тоолуу аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн, күн күркүрөйт. 24-сентябрда тоолуу райондордо жаан-чачын жана кар түшүшү күтүлөт. 25-28-сентябрда көпчүлүк жерлерде жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт.