Автомектепте окугандарды көзөмөлдөгөн пилоттук программа ишке кирет. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Автомектепте окугандарды көзөмөлдөгөн пилоттук программа иштеп баштайт. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
"Унаа" ишканасы өлкөдө айдоочуларды даярдоодо олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилеген. Алардын арасында инструкторлордун квалификациясынын төмөндүгү, автомектептерде окуу-материалдык базанын жетишсиздиги, курсанттардын катталганы менен сабакка катышпай эле күбөлүк алып жатышы айтылды.
Мындан улам 1-ноябрдан тартып жарым жылга созулган "Автомектеп" аттуу пилоттук долбоор ишке киргизилмекчи. Анда курсанттардын сабакка катышуусу Face ID аркылуу көзөмөлдөнөт.
Бул долбоор келечектеги айдоочулардын сабакка катышуусун жана тартибин жогорулатууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
Радио
Турдубаева: Бишкектеги мектептердин баарына Face ID системасы орнотулат