18-сентябрда Тбилиси шаарында Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык протокол директораттын директору Зураб Дарчиашвилиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, андан кийин элчи Мамытканов Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогору деңгээлдеги визиттерди уюштурууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, элчи Мамытканов Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтсиашвили жана Грузиянын Улуттук туризм администрациясынын биринчи орун басары Тамуна Кориаули менен да жолугушту. Жолугушууларда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу маселелери каралды.
Кыргызстандык Nomad триосу "Интервидение — 2025" сынагында экинчи орунду ээледи.Эскерте кетсек, эл аралык музыкалык конкурс 20-сентябрь күнү Москванын Live Аренасында өтүп, 22 мамлекеттин өнөрпоздорун чогултту. Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаевден турган кыргызстандык топ "Жалгыз сага" чыгармасын аткарды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен вьетнамдык ырчы Дык Фук биринчи орунду ээлеген. Ал эми үчүнчү болуп катардык Дана Аль-Мира табылды. Жакынкы коңшулардан Тажиктан 5-орунду, Казакстан — 7 жана Өзбекстан 10-орунду ээлеген.
Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж — 2025” аттуу командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Ага ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев катышты. Машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстандын аскерлери, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабы менен катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Уламыш боюнча ЖККУ мамлекеттеринин аскерлери, ӨКМ менен милиция кызматкерлери Кыргызстанга кирип келген террорчуларды жок кылып, жашоочуларды куткарышкан. Машыгуунун алкагында коноктор армия авиациясынын маневрлерин, учкучсуз учакты, сооттолгон техниканы, ошондой эле согуштук катерлерге көз салышты. Жалпы 500гө жакын техника жана 1200дөй аскер тартылган.
Чүй облусунда продукциясынын жарымы ЕАЭБге экспорттоло турган тигүү ишканасы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматта суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн жерине барып, мекеменин иши менен таанышып келгени айтылат. Тигүү ишканасында 300 иш оруну түзүлгөн. Айына 100 миң даанага чейин кийим чыгара алат.
Ысык-Көлгө 1,2 миллион даана карп, сазан чабактары кое берилгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Тагыраагы, салмагы 30-35 грамм болгон чабактар көлдүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу участокторуна кое берилген.Адистер мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн айтышты. “Ысык-Көлгө балык чабактарын үзгүлтүксүз коё берүү — келечекте балык уулоо көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болот”, — деди министрлик.