БАЛЫКЧЫ, 20-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө ЖККУнун “Рубеж-2025” машыгууларынын активдүү фазасы башталды.
Маневрларга армиянын бөлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттар, бронетранспортерлор жана согуштук катерлер катышууда. Жалпысынан 500гө жакын ар кандай аскердик техника жана 1200 аскер кызматкери тартылган.
Аскердик күчтөр, сценарий боюнча, кыргыз аймагына кирип келген куралдуу бандаларды жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирүүдө.
Машыгууга ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жана башка расмий адамдар катышууда.