БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ысык-Көлгө 1,2 миллион даана карп, сазан чабактары кое берилгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.
Тагыраагы, салмагы 30-35 грамм болгон чабактар көлдүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу участокторуна кое берилген.
Адистер мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн айтышты.
“Ысык-Көлгө балык чабактарын үзгүлтүксүз коё берүү — келечекте балык уулоо көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болот”, — деди министрлик.