Ноокенде ишкерлерге кысым көрсөткөн Тайсон жана иниси Кудаш кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ноокендеги “Кең-Сай” өткөрүү пунктунда криминалдык элементтерге бөгөт коюлганын УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, Тайсон жана Кудаш каймана аты бар ага-ини ишкерлерди коркутуп жүргөн деп кармалышты.

“Шектүүлөр ишкерлерге кысым көрсөтүп, криминалдык идеологияга берилгендиктерин жар салып, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен болгон тууганчылык байланыштары тууралуу жалган билдирүүлөрдү айтып, Бажы жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин жумушуна тоскоолдуктарды жаратышкан”, — деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары, алар аткезчилик иштерге жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын Бишкекке мыйзамсыз ташууга шектелүүдө. Алар мигранттарды өздөрүнүн карамагындагы таксилерге зордоп салып, көп акча алышканы айтылат.
Атайын кызмат булардан жабыркагандарды УКМКга кайрылууга (0995 012210) чакырууда.
Салык кызматы өлкөгө 3,5 млрд. сомдук жемиш ташып келген аялды издеп жатат