“Рубеж-2025” негизги максатына жетти. Министрдин орун басары машыгуу тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж – 2025” командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды.
Иш-чаранын жабылышында сүйлөгөн коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев машыгуу негизги максатына жеткенин билдирди. Анын айтымында, машыгууга даярдык күч болуп, аскер контингенттери биргеликте тапшырмаларды көздөгөндөй аткара алды. Сценарий боюнча, аскердик күчтөр кыргыз аймагына кирип келген куралдуу бандаларды жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирген.
1 / 4

Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгуусу жыйынтыкталды

2 / 4

Иш-чаранын жабылышында сүйлөгөн коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев машыгуу негизги максатына жеткенин билдирди. Анын айтымында, машыгууга даярдык күч болуп, аскер контингенттери биргеликте тапшырмаларды көздөгөндөй аткара алды.

3 / 4

Сценарий боюнча, аскердик күчтөр кыргыз аймагына кирип келген куралдуу бандаларды жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирген

4 / 4

Маневрларга армиянын бөлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттар, бронетранспортерлор жана согуштук катерлер катышкан. Жалпысынан 500гө жакын ар кандай аскердик техника жана 1200 аскер кызматкери тартылган.

Машыгууга ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жана башка расмий адамдар катышты.
1 / 8

Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЖККУнун “Рубеж-2025” машыгуусунда аскердик техника менен курал-жарактын жарманкеси

2 / 8

3 / 8

4 / 8

5 / 8

6 / 8

7 / 8

8 / 8

Мындан тышкары, аскердик техника менен курал-жарактын жарманкеси уюштурулуп, анда учкучсуз учуучу учактар, Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу “Аскер Курал” акционердик коому чыгарган снайпердик мылтыктын жаңы “Бархан” деген түрү көрсөтүлгөн.
Ошондой эле иш-чарага аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү, мектеп окуучулары, жаштар жана Балыкчынын тургундары күбө болушкан.
Машыгуунун аягында ЖККУ аскерлери салтанаттуу түрдө басышкан.
Ысык-Көлдө ЖККУнун “Рубеж-2025” машыгууларынын активдүү фазасы башталды