БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектеги автобуста боюнда бар келинди ичке тепти делген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Окуянын видеосу социалдык тармакка тараган. Анда аялдар уруша кетип, бири экинчисин чачтан кармап чаап жатканын, экинчиси эсин жоготконун көрүүгө болот.
Милиция окуя 19-сентябрда саат 20:20да №212 автобуста болгонун билдирди. Тартип сакчыларга жабыркаган келиндин байкеси кайрылып, “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу ооруканада экени айтылды. Азырынча анын абалы тууралуу маалымат жок.
Кылмышка шектелген 20 жаштагы М.С. аттуу келиндин кичинекей баласы жана боюнда бар экени айтылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.