БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эртең, 21-сентябрда, Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан Bishkek Snow Leopard Run аталышындагы марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Марафон борбордун "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр Чүй, Абдрахманов, Масалиев жана Айтматов көчөлөрү менен түзүлгөн маршрут боюнча жүгүрүшөт.
Ар бир катышуучу өзүнө ылайыктуу аралыкты тандап алса болот:
5 чакырым — 14 жаштан жогору;
14 чакырым — 16 жаштан жогору;
21.1 чакырым (жарым марафон) — 18 жаштан жогору;
42.2 чакырым (марафон) — 18 жаштан жогору.
Мындан тышкары, Kid”s Run деп аталган балдар үчүн жарыш да уюштурулат. Алар 100, 300, 500 метр жана бир чакырым аралыкка чуркайт.
Бишкек мэриясы аталган иш-чарага байланыштуу 21-сентябрда калаанын айрым көчөлөрү саат 06:30дан 13:00гө чейин жабыларын эскертет. Тизме:
Чүй проспектисинин Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Иманалиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектине чейинки бөлүгү;
Масалиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектине чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
Айтматов проспектисинин Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.
Мэрия шаар тургундары мене конокторун эртең алдын ала кыймыл багыттарын пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.