Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Трамптын Путин тууралуу айтканына үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. —Sputnik. Дональд Трамптын Украинадагы тынчтык маселесине болгон эмоционалдуулугун түшүнсө болот. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Америкалык лидер жума күнү Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча билдирүү жасап, Владимир Путин аны капа кылганын айткан.

"АКШ менен президент Трамп жеке саясий эрки менен Украина жаңжалын жөнгө салууга көмөктөшүү аракетин улантуу ниетинен кайтпайт деп ойлойбуз. Ошондуктан, албетте, президент Трамп бул маселеде абдан эмоционалдуу. Ал жагы түшүнүктүү", — деген Песков.

Ал Путин дагы дипломатия аркылуу тынчтыкты жактай турганын, ага жетүү үчүн көп иштерди жасап жатканын белгилеген. Ал ортодо Киев режими жана Европа өлкөлөрү, тескерисинче, тирешүү жолуна түшүү үчүн колдон келгенин жасап жатканын айткан.
Үстүбүздөгү жылдын 15-августунда АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путин Аляскада жолугуп, үч саатка чукул сүйлөшүшкөн. Тараптар Украина көйгөйүн жөнгө салуу жаатында биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришкен. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган бул окуядан кийин өлкө башчылары чогуу маалымат жыйын өткөрүп, сүйлөшүү конструктивдүү маанайда, мазмундуу болгонун айтышкан.
18-августта Трамп Вашингтондо Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу жолугушуудан кийин Европа лидерлери катышкан жыйын болгон. Анда Киевдин коопсуздук кепилдиктери талкууланган.Трамп өз кезегинде АКШ аскерлери Украинага жөнөтүлбөй турганын билдирген.
Евробиримдиктин РФ активдерине жасаган манипуляциясы уюмду ишеничтен чыгарат