Бүгүн Москвада кыргызстандык ырчылар катышкан "Интервидение — 2025" сынагы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагы бүгүн, 21-сентябрда, Москвадагы Live Аренада Бишкек сааты менен 23:30да башталат. Ага Беларусь, Россия, Индия, Кытай, Казакстан, Сербия, Египет, Бразилия, Венесуэла, Катар, Вьетнам, Куба, Мадагаскар, Кения, Колумбия, БАЭ, Тажикстан, Сауд Арабиясы, АКШ, Кыргызстан, Өзбекстан, Эфиопия, Түштүк Африка Республикасынан келген таланттуу артисттер катышат.
Сынакта Алексей Воробьев менен Аида Гарифуллина Россиянын атынан алып баруучу болсо, актриса Стэфи Патель менен теле алып баруучу Мэнг Лэй эл аралык алып баруучулар болот.
Саамалыкты 25 өлкөнүн 190 журналисти чагылдырат.
Россиялык ырчылар Дима Билан, Пелагея жана Клава Кока, хоккейчи Александр Овечкин сынактын элчилери болсо, Россиянын 47 регионунан, ошондой эле Вьетнам, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустан келген 500 адам ыктыярчы болду.
Калыстар тобу
Эл аралык калыстар тобуна бир нече өлкөнүн дасыккан маданият жана искусство өкүлдөрү кирген. Кыргызстандын атынан КРдин эмгек сиңирген артисти, Даңк орденинин ээси Ырыскелди Осмонкулов катышууда. Россиянын атынан РФ эл артисти, композитор жана продюсер Игорь Матвиенко калыстык кылат. Беларустан өлкөнүн Улуттук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы продюсери Ольга Шлягер дайындалган. Ал эми АКШдан калыстар тобуна Deep Purple жана Rainbow тобунун мурунку ырчысы Жо Линн Тернер кирген.
Катышуучулар
Кечени кубалык ырчы Сулема Иглесиас Салазар ачып, индиялык Раухан Малик жабат. Конкурска Кытайдын атынан ырчы Ван Си катышса, Беларусту — Настя Кравченко, Казакстанды — Ернар Садирбаев, Сербияны — Слободан Тркуля, Египетти — Мустафа Саад, Бразилияны — Лусиану Калазанс менен Раис Надер, Венесуэланы — Омар Аседо, Катарды — Дана Аль-Мир, Вьетнамды — Дык Фук, Кенияны — Санайпей Танде, Мадагаскарды — Denis & D-Lain, Колумбияны — Нидия Гонгора, БАЭни Саиф Аль-Али, Тажикстанды — Фаррух Хасанов, Сауд Арабиясын — Зейна Имад, АКШны — Vassy, Өзбекстанды — Шорух Ганиев, Эфиопияны — Нетсанет Султан, Түштүк Африка Республикасын — Mzansi Jikelele тобу, Россияны Shaman таанытат.
Ал эми Кыргызстандан "Номад" триосу катышып, сахнага экинчи болуп чыгары маалым болгон. Буга чейин трионун үч ырчысы тең — Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаев “Ну-ка, все вместе!” музыкалык шоуга катышып, россиялык күйөрмандарын топтой алган.
Трио сынакта “Жалгыз сага” деген чыгарманы ырдайт.
Лавров: Россия "Интервидениеден" каалоочулардын баарын көрүүгө куштар болмок