БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чүй облусунда продукциясынын жарымы ЕАЭБге экспорттоло турган тигүү ишканасы ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматта суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн жерине барып, мекеменин иши менен таанышып келгени айтылат.
Тигүү ишканасында 300 иш оруну түзүлгөн. Айына 100 миң даанага чейин кийим чыгара алат.
Аталган долбоорду мамлекет менен Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылап, ишке ашырган. Анын жалпы наркы эки миллион долларды түзөт.
Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү тигүүчүлүк өнөр жай тармагындагы өсүш быйыл сегиз айда (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) 15,6 пайызга көбөйгөнүн белгилеген.