Бишкекте бир нече автобустун маршруту убактылуу өзгөртүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы 22-сентябрга чейин бир нече шаардык автобустун схемасы өзгөрөрүн билдирди.
Бул Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол участогу жабылганына байланыштуу экени айтылды.
Шаардагы №23, 103, 107, 222, 227, 7Т, 8Т, 135, 132, 133, 134, 161, 204, 295 автобустары убактылуу өзгөртүлгөн маршруттар менен каттап жатат. Жаңы схеманы мэриянын сайтынан көрсөңүз болот.
Муниципалитет ыңгайсыздык убактылуу экенин, шаардыктарды сапарын алдын ала пландап алууга чакырды.
Эртең Бишкекте 5 миң жөө күлүк катышкан марафон өтүп, айрым көчөлөр жабылат