Ага ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев катышты.
Машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстандын аскерлери, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабы менен катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Сценарий боюнча, ЖККУ мамлекеттеринин аскерлери, ӨКМ менен милиция кызматкерлери Кыргызстанга кирип келген террорчуларды жок кылып, жашоочуларды куткарышкан.
Машыгуунун алкагында коноктор армия авиациясынын маневрларын, учкучсуз учакты, сооттолгон техниканы, ошондой эле согуштук катерлерге көз салышты. Жалпы 500гө жакын техника жана 1200дөй аскер тартылган.
Тема боюнча: