БИШКЕК, 20-сен. —Sputnik. Борбор Азия аймагынын ыкчам чара көрүүчү жамааттык күчтөрү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга даяр. Бул тууралуу ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Ысык-Көлдө өткөн "Рубеж — 2025" машыгуусунун жыйынтыгында билдирди.
Ал белгилегендей, ЖККУ жоопкерчиликтүү болгон аймактарга жанаша жайгашкан бир катар региондордо чыр-чатак потенциалы өсүп жаткан шартта тышкы аскердик агрессияга, террордук чакырыктарга каршы турууга, улуттук жана регионалдык коопсуздук коркунучтарына өз убагында жооп кайтарууга даяр туруу — Борбор Азиянын ыкчам жооп кайтаруучу күчтөрүнүн башкы милдети.
"Машыгуу максатына жетти деп эсептейм. Аны уюштуруу ЖККУнун жамааттык күчтөрүн өнүктүрүүгө дагы бир кадам болуп саналат. Борбордук Азия регионунун ыкчам жооп кайтаруучу күчтөрү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга даяр экендигин ишеним менен билдирем", — деди Сердюков.
Машыгууга Борбор Азия регионундагы ЖККУга мүчө бардык мамлекеттин — Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын аскер контингенттери катышты.
Ошондой эле аймактагы жамааттык күчтөрдүн командачылыгы менен инструктордук-методикалык сабактар жана ыкчам жыйын өткөрүлгөн. Согуштук аракеттерди даярдоонун жүрүшүндөгү башкаруу органдарынын ишине өзгөчө көңүл бурулган.
Мындан тышкары, тоолуу жана чөлдүү аймактарда, Ысык-Көл акваториясында ыкчам жооп кайтаруу ыкмалары каралган. Анда чыныгы күжүрмөн тажрыйба, анын ичинде атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алынган тажрыйба колдонулган. Абадагы чабуулдан коргонуу жолдору жана дрондорду колдонуу маселеси каралган.
Сердюков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгында машыгууларды өткөрүү символикалык мааниге ээ экенин белгилеген.
“Фронтто жеңишке жетишкен совет элинин өлбөс эрдиги тууралуу эскерип турушубуз керек. Биз бүгүн чогуу аскердик биримдикте турганыбыз да мааниге ээ”, — деген ал.