21-сентябрга карата аба ырайы

21-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 23…28, Талас облусунда 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 25…30, Ысык-Көл өрөөнүндө 17...22, Нарын жеринде 18…23 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада 25…27, Ош шаарында 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте бир нече автобустун маршруту убактылуу өзгөртүлдү