Борбор Азия аймагынын ыкчам чара көрүүчү жамааттык күчтөрү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга даяр. Бул тууралуу ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Ысык-Көлдө өткөн "Рубеж — 2025" машыгуусунун жыйынтыгында билдирди. Ал белгилегендей, ЖККУ жоопкерчиликтүү болгон аймактарга жанаша жайгашкан бир катар региондордо чыр-чатак потенциалы өсүп жаткан шартта тышкы аскердик агрессияга, террордук чакырыктарга каршы турууга, улуттук жана регионалдык коопсуздук коркунучтарына өз убагында жооп кайтарууга даяр туруу — Борбор Азиянын ыкчам жооп кайтаруучу күчтөрүнүн башкы милдети. "Машыгуу максатына жетти деп эсептейм. Аны уюуштуруу ЖККУнун жамааттык күчтөрүн өнүктүрүүгө дагы бир кадам болуп саналат. Борбордук Азия регионунун ыкчам жооп кайтаруучу күчтөрү заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга даяр экендигин шеним менен билдирем", — деди Сердюков. Машыгууга Борбор Азия регионундагы ЖККУга мүчө бардык мамлекеттин — Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын аскер контингенттери катышты. Ошондой эле аймактагы жамааттык күчтөрдүн командачылыгы менен инструктордук-методикалык сабактар жана ыкчам жыйын өткөрүлгөн. Согуштук аракеттерди даярдоонун жүрүшүндөгү башкаруу органдарынын ишине өзгөчө көңүл бурулган.
ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү кескин өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасына 61 миллион доллар инвестиция салынган. Салыштыра кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сумма 37 миллион долларды түзгөн. Инвестициялардын үчтөн экиси Россиядан келгени белгиленген.
Бүгүн бүткүл өлкө боюнча 2022-жылдын 6-сентябрындагы "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" президенттин жарлыгынын алкагында Эл аралык тазалык күнү өттү. Акциянын негизги максаты — калктуу конуштарда тазалыкты сактоо гана эмес, ошондой эле экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жарандардын айлана-чөйрөнүн абалына карата жеке жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Республика боюнча миңдеген жашоочулар шаарларды, айылдарды, парктарды жана эс алуучу жайларды тазалоого чыгышты. Президенттик администрациянын жамааты Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында ишембилик өткөрүп, аймактарды тазалап, таштандыларды чогултушту. Мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын бекемдөөгө жана коомду Кыргызстанды жашоо үчүн таза жана ыңгайлуу кылуу максатынын айланасында бириктирүүгө өбөлгө түзөт.