Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурдагы жылдарга караганда абдан аз. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди. Ал былтыр 12,4 миллиард куб метр суу топтолгонун, быйыл андан дагы 1,6 миллиард куб метрге аз чогулганын, андыктан алдыдагы кыш энергетика тармагы үчүн эң оор болорун белгилеген. Аткаминердин айтымында, өлкөдө өндүрүш өсүп, электр энергиясын керектөө 18 миллиард киловатт-саатка жетип, колдонуунун көлөмү жылына 1 миллиард киловатт-саатка көбөйүп жатат. "Ички генерация 14-15 миллиард киловатт-саатты түзүүдө. Калган 3-4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы кошуна өлкөлөрдөн импорттолууда", — деди министр. Ал 2028-жылга карата өлкө энергетикалык эгемендикке жетип, өзүбүздү толук камсыздаган абал түзүлөрүн кошумчалады. Учурда курулуп жаткан энергетикалык долбоорлордун басымдуу бөлүгү ошол учурга барып ишке берилерин айтты.
Айыл чарба министрлигинин ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди мал чарбачылыктан жогорку киреше алуу үчүн асыл тукум малды көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды пайдаланууга чакырды. Мекеме асыл тукум букаларды тандоо, жасалма уруктандыруу, сапаттуу тоют менен камсыздоо жана так эсеп жүргүзүү аркылуу уйдун сүт өндүрүмдүүлүгүн 20–25 пайызга жогорулатууга болорун белгилеген. "Мисалга алсак, "Чабрец" асыл тукум заводундагы швиц породасындагы Заноза, Зорка, Блондинка жана Зелень аттуу уйлар бир жылдын 305 күнүндө 9 миң литрден ашык сүт берет. Бул көрсөткүч өлкөдө сүт багытындагы мал чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүн экенин айгинелейт", — деп айтылат маалыматта. Веткызмат асыл тукум мал багууну каалагандарды жасалма уруктандырууга өтүүгө үндөдү.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда аңчы өзү мыйзамсыз мергенчиликке шектелүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгында егерь болуп иштеген К.А. аттуу жаран Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылганы айтылган.Окуя болгон жерди текшерүү маалында беш тоо текенин башы жана териси табылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Дональд Трамптын Украинадагы тынчтык маселесине болгон эмоционалдуулугун түшүнсө болот. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Америкалык лидер жума күнү Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча билдирүү жасап, Владимир Путин аны капа кылганын айткан. "АКШ менен президент Трамп жеке саясий эрктерин жана Украина жаңжалын жөнгө салууга көмөктөшүү аракетин улантуу ниетинен кайтпайт деп ойлойбуз. Ошондуктан, албетте, президент Трамп бул маселеде абдан эмоционалдуу. Ал жагы түшүнүктүү", — деген Песков. Ал Путин дагы дипломатия аркылуу тынчтыкты жактай турганын, ага жетүү үчүн көп иштерди жасап жатканын белгилеген. Ал ортодо Киев режими жана Европа өлкөлөрү, тескерисинче, тирешүү жолуна түшүү үчүн колдон келгенин жасап жатканын айткан.