Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Россиянын жогорку окуу жайларына өкмөттүк квота боюнча окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россотрудничество билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 700 орун бөлүнгөн. Ал акысыз окууну, жатакана жана стипендияны камтыйт. Кыргызстандын жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат. Документтерди кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт. Кабыл алуу жөнүндө маанилүү маалыматтар Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский домдун" социалдык тармактардагы баракчаларына жана uchebarf.kg сайтына жарыяланат.
Кыргызстанда президенттин алдында Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документте мекеме буга чейин министрлер кабинетине карап келгени айтылат. Борбор төмөнкүдүй укукка ээ болот: автомототранспорттук каражаттарды, өзү жүргөн технологиялык машиналарды, трактор, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жаатында; транспорттук каражаттардын айдоочулары үчүн квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу боюнча; өзү жүрүүчү машиналарды башкарууга тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү жаатында; айдоочулук күбөлүктү персонификациялоо боюнча; айдоочуларды даярдоочу/кайра даярдоочу автомектептерди лицензиялоо жаатында; мамлекеттик номерлерди даярдоо жаатында; өзгөчө комбинациядагы тамгалар түшүрүлгөн номер белгилерин сатуу жаатында. Жарлык расмий жарыяланган соң 10 күн өтүп күчүнө кирет.
2025-жылдын жай айындагы аномалдуу ысык аба ырайынан улам Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү бир топ төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин Айыл чарба статистикасы башкармалыгы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, 23-августка карата 900 миң тоннадан ашык дан жыйналды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 23 пайызга аз. Органдын аянты 6 пайызга көбөйүп, 429 миң гектарды түздү. Негизги төмөндөө Чүй жана Талас облустарында болгон. Республика боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 31,6 пайызга, арпанын түшүмдүүлүгү 31,5 пайызга төмөндөгөн. Ысыкка карабай май өсүмдүктөрүнун түшүмү — 47,4 пайызга; Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 22,2 пайызга; Коон — 17,2 пайызга; Жашылчалар — 11,2 пайызга; Картошка — 3,6 пайызга көбөйгөн.
Бишкектин түштүк-батышында 2 күн газ болбойт. «Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-24-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Жал-29 кичи району, Тыналиев көчөсү, Масалиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсү, Репин көчөсү, Садырбаев көчөсү, Валдай көчөсү. «Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.