БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда аңчы өзү мыйзамсыз мергенчиликке шектелүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгында егерь болуп иштеген К.А. аттуу жаран Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылганы айтылган.
Окуя болгон жерди текшерүү маалында беш тоо текенин башы жана териси табылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.