БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстанда президенттин алдында Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документте мекеме ("Унаа" ишканасы) буга чейин министрлер кабинетине карап келгени айтылат.
Борбор төмөнкүдүй укукка ээ болот:
автомототранспорттук каражаттарды, өзү жүргөн технологиялык машиналарды, трактор, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жаатында;
транспорттук каражаттардын айдоочулары үчүн квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу боюнча;
өзү жүрүүчү машиналарды башкарууга тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү жаатында;
айдоочулук күбөлүктү персонификациялоо боюнча;
айдоочуларды даярдоочу/кайра даярдоочу автомектептерди лицензиялоо жаатында;
мамлекеттик номерлерди даярдоо жаатында;
өзгөчө комбинациядагы тамгалар түшүрүлгөн номер белгилерин сатуу жаатында.
Жарлык расмий жарыяланган соң 10 күн өтүп күчүнө кирет.