Си Цзиньпин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Президенттер кытай-америка мамилелерин талкуулашкан.

Си Цзиньпиндин билдирүүсү:

АКШ соодада бир тараптуу чектөө киргизүүдөн оолак болушу керек. Америка кытайлык компанияларга басмырлабаган бизнес-чөйрө түзүп берет деген үмүттөбүз;
Кытай менен АКШнын мамилеси аябай маанилүү. Ал эки өлкөгө гана эмес, бүткүл дүйнөгө да таасир этет;
Кытай эли япондук агрессияга каршы күрөштө АКШ жана башка союздаштарынын көрсөткөн колдоосун эч качан унутпайт. Тынчтыкты барктап, тарыхты унутпашыбыз керек.

Трамптын билдирүүсү:

АКШ Кытай менен соода кызматташтыгын түзүүгө кол кабыш кылат;
эки лидер соода, баңгизатка каршы күрөш, Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга чекит коюу сымал орчундуу маселелер боюнча ийгиликке жетишти.
Трамп кийинки жылдын башында Кытайга барарын айтты. Си Цзиньпин дагы “убактысы чыкканда” АКШга барарын кошумчалады.
ЖМК: Трамп Россияга каршы санкцияларды кечиктирүү үчүн жаңы тактиканы тандады