WP: Трамп Кытай менен кызматташуу үчүн Тайванга колдоо көрсөтүүдөн баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен кеңири соода келишимин түзүү максатында Тайванга аскердик колдоо көрсөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Washington Post атын атагысы келбеген америкалык аткаминерлерге таянуу менен жазды.
Конгресс администрацияга аралга бир миллиард долларга чейин аскердик жардам көрсөтүүгө укук берет. Бул каржылоо жыл сайын кайра каралып, сентябрь айында бекитилет.
"Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен соода келишимин түзүү жана саммит өткөрүү максатында Тайванга 400 миллион доллардан ашык аскердик жардам берүүдөн баш тарткан", — деген автор беш маалымат булагына таянып.
Басылмага маалым болгондой, дрондорду жана ок-дарыны камтыган жардам пакети мурункуларга караганда кыйла күчтүү болмок. Ал эми Ак үйдөн бул боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдиришти. Мындан тышкары, макалада Трамптын администрациясы Тайванга аскердик колдоону токтотууну активдүү талкуулап жатканы айтылган. Айрым аткаминерлер арал Израиль жана Европа өлкөлөрү сыяктуу эле АКШдан курал-жарак сатып ала алат деп эсептешүүдө. Башкалары болсо Кытай армиясы күчтөнүп жатканын эскертип, жардамды токтотпоо керектигин белгилешүүдө.
Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун эсебинен сатып алынган алгачкы аскердик жүк Украинага жөнөтүлдү