Спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматта аталган департаменттин кызматкерлери "Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору" мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштап, анда мыйзам бузулганы белгиленген.
Алар 30 миллион сомго медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн аффилирленген фирма менен келишим түзүп, баасын жогорулатып, аталыштарын өзгөрткөн деп шектелүүдө.
"Коррупциялык схеманын натыйжасында сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук иштетилбей, максатына жараша пайдаланылбай кампада сакталып турат. Бааларды жогорулатуудан эле бюджетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ошондой эле сатып алынган чыгымдалуучу материалдардын жана реагенттердин бир бөлүгү эски болуп, колдонууга жарабай калган", — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, департаменттин директорунун 46 жаштагы орун басары Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн 42 жаштагы жетекчиси А.Р.Д. жана аффилирленген фирманын 43 жаштагы жетекчиси Т.Н.А. кармалган

2 / 3

Маалыматта аталган департаменттин кызматкерлери "Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору" мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштап, анда мыйзам бузулганы белгиленген

3 / 3

Алар 30 миллион сомго медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн аффилирленген фирма менен келишим түзүп, баасын жогорулатып, аталыштарын өзгөрткөн деп шектелүүдө

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, департаменттин директорунун 46 жаштагы орун басары Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн 42 жаштагы жетекчиси А.Р.Д. жана аффилирленген фирманын 43 жаштагы жетекчиси Т.Н.А. кармалган.
УКМК: мурдагы кызматкер 400 миң доллар паранын бир бөлүгүн кайтарып жатып кармалды