Салык кызматы өлкөгө 3,5 млрд. сомдук жемиш ташып келген аялды издеп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "НОМОС" жоопкерчилиги чектелген коому салык мыйзамдарын одоно бузуп, мамлекетке олуттуу зыян келтирүүгө шектелгени үчүн компаниянын уюштуруучусун издеп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта аталган компаниянын негиздөөчүсү Токтосунова Асия Адылбековна экени айтылган.
"Ишкана 2024-жылдын август айында катталган. Кыска мөөнөттүн ичинде өлкө аймагына 3 миллиард 506 миллион 184 миң 546 сомго жемиш ташып келген (ананас, жүзүм, дарбыз, апельсин ж.б.). Бирок расмий салыктык отчетунда бул товарлардын андан ары сатылганы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Натыйжада 400 миллион сом өлчөмүндө салык төлөнбөй калууда", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик салык кызматы А.А. Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат.
Мекеме ушул эле жарандын атына дагы беш компания катталганын, алардын бирөөндө дагы ишкердиктин белгилери жөнүндө маалыматтары жоктугун жана өлкөнүн бюджетине бир дагы сом салык төлөбөгөнүн белгилеген.
Салык кызматы Токтосунова Асия Адылбековнадан байланышка чыгууну суранды.
Кыргызстанда жеке ишкерликти кайра каттоо толугу менен онлайн-форматка өтөт