Президент Кара-Сууда "Манас" футбол стадионун ачты. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Манас" футбол стадионун ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын алдында Жапаров административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын жана машыгуу залын көрүп чыккан.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Манас" футбол стадионун ачты

2 / 4

Иш-чаранын алдында Жапаров административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын жана машыгуу залын көрүп чыккан

3 / 4

Ачылыш аземинен кийин "Мурас Юнайтед" менен "Дордой" командаларынын ортосунда Кыргызстандын кубогуна финалдык беттеш болуп, ага президент өзү катышты

4 / 4

Беттеш 1:2 эсеби менен "Дордойдун" пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана кубокту Садыр Жапаров тапшырды

"Бул жерде биздин даңктуу "Жаштык-Ак-Алтын" футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан өзгөчө жай болгон", — деди өлкө башчы.
Футбол стадиону заман талабына ылайык толук кайра курулган. Сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилип, оюн талаасына табигый көк майсаң төшөлүп, трибуналар жаңырды. Медиазона, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды. Ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футбол беттештерин жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди. Объектинин реконструкциясына 274,5 миллион сом жумшалган.
Ачылыш аземинен кийин "Мурас Юнайтед" менен "Дордой" командаларынын ортосунда Кыргызстандын кубогуна финалдык беттеш болуп, ага президент өзү катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен "Дордойдун" пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана кубокту Садыр Жапаров тапшырды.
Белгилей кетсек, стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.
Кыргызстандын жаш футболчулары Шри-Ланканы 6:0 менен утуп, Азия кубогуна чыкты