Ишканалар жабылып, миңдеген жумушчу итке минип калган. Себеби чийки зат, технология, инвестиция жетишсиз болуп, ошондой эле соода байланышы үзүлүп, продукция сатылбай калган. Натыйжада өнөр жайдын экономикадагы үлүшү 15 пайызга кыскарган. Мындай соккудан өлкө оңой менен баш көтөрө алмак эмес. Бирок 2000-жылдардын башында абал өзгөрө баштады. Буга алтын казыла баштаганы, Россия жана Кытай менен кызматташуу өбөлгө болду. 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирип, жаңы рынокторго жол ачылды.
Россиялык инвесторлор Кыргызстандын өнөр жайына акча сала башташты. Бүгүн алардын инвестициясынын көлөмү 5 миллиард доллардан ашат. Россия бизнеси 2 миллиард долларлык 40тай ири долбоорду ишке ашырууда.