БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Мамлекеттик ооруканаларда милдеттүү түрдө беш жыл иштеп берүү механизми кандай ишке ашарын Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык ресурстар жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Махаббат Асанкулова айтып берди.
Буга чейин парламент медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн окууну аяктагандан кийин беш жыл мамлекеттик ооруканаларда иштөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырган.
Асанкулованын айтымында, адистерди аймактардагы кадрлардын жетишсиздигине жана медициналык багыттарга жараша бөлүштүрүү пландалууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык ресурстар жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Махаббат Асанкулова
© Sputnik / Самрат Карачев
"Кайсы облустар менен райондордо дарыгерлердин тартыштыгы курч экенине анализ жүргүзүлөт. Мисалы, бүгүнкү күндө бардык аймактарда анестезиологдор менен реаниматологдордун жетишсиздиги сезилип жатат. Талап күчөп жаткан мындай адистиктер үчүн чектөө киргизилет. Тагыраагы, мамлекеттик медициналык мекемелерде беш жыл иштегенден кийин гана жеке клиникага жумушка орношууга мүмкүн болот", — деди ал.
Асанкулова жаш дарыгерлер үчүн стимулдаштыруучу чаралар каралганын кошумчалады. Мисалы, "Жаш дарыгердин депозити" программасы боюнча адистер квартал сайын 66 миң сомдон алышат. Мындан тышкары, аймактарга жиберилген бюджеттик формадагы ординатор-студенттер ай сайын 20 миң сом стипендия алышат.
"Ошондой эле анестезиолог, реаниматолог, хирург, неонатолог, педиатр сыяктуу талап кылынган адистерге кошумча каржылоо каралган. Аларга да ай сайын 20 миңден кошумча айлык төлөнөт", — деди башкармалыктын жетекчилиги.