Пресс-борбор

Кыргызстанда 6 миңден ашык дарыгер, 7 миңден ашык медайым жетишпейт

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда 6 338 дарыгер жана 7 880 медайым жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Махабат Асанкулова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
Ал былтыр жыл ичинде 261 дарыгер жумуш менен камсыздалганын, адистердин жетишсиздиги боюнча абал акыркы үч жылга салыштырмалуу азыр туруктуураак экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Махабат Асанкулова (ортодо)
"Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында бардык багыттар жана уюмдар боюнча маалымат жайгаштырылган. Ал жерде кайсы облуста кандай бош орун бар экени, байланышуу жолдору көрсөтүлгөн. Иш издеген же жумуш ордун алмаштыргысы келген дарыгерлерге жеңил болушу үчүн санариптештирдик. Эгерде кайсы бир жерде кимдир бирөөнү жумушка албай коюшса түздөн-түз министрликке кайрылууга болот", — деди Асанкулова.
Саламаттык сактоо министрлигинде бүгүнкү күндө жетекчилердин кадрдык резервинде 453 адам тизмеде турат. Алардын ичинен 155 адам конкурстук тандоого жана кызматка дайындоого катышууга укуктуу экени кошумчаланды.
Пресс-борбор
Мамлекеттик ооруканаларда 5 жыл иштеп берүү милдети. Министрликтин түшүндүрмөсү