Пресс-борбор

Министрлик айлык көбөйгөндөн кийин медиктер канча аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 2026-жылдын биринчи кварталында медайымдардын айлык акысын 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда аймактардагы жаш дарыгерлер орто эсеп менен 16 800 сом алса (салыктарды алып салгандан кийин 14 миңге жакын), көтөрүлгөндөн кийин 25 миң сомго жакын болот. Медайымдар болжол менен 22 миң сом ала баштайт.
Саламаттык сактоо министрлигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев
"Бүгүнкү күндө дарыгердин орточо айлыгы 25 миң сомду түзсө, үй-бүлөлүк дарыгерлердики 30 миң сомдун тегерегинде. Эң көп талап кылынган төрт категориядагы адистерге 20 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм каралган. Бул дарыгерлер алыскы аймактарда, чакан шаарларда жана райондордо иштешет", — деди Чаргынбаев.
Ал кошумчалагандай, бул төлөмдөрдү, ошондой эле бийик тоолуу коэффициенттерди эске алганда, айрым аймактарда, мисалы, Нарын облусунда дарыгерлер айына 80-90 миң сомдон ала башташты.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөрүн билдирген.
Пресс-борбор
Мамлекеттик ооруканаларда 5 жыл иштеп берүү милдети. Министрликтин түшүндүрмөсү