Кыргызстанда этти арзандатуу үчүн импорттун көлөмүн көбөйтүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Этти арзандатуу үчүн импорттун көлөмү көбөйтүлүп, аны ташып келүүдөгү бардык тоскоолдуктар алып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Ал эттин баасына карата мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгени менен көзөмөлгө алуу кыйын болуп жатканын айтып, коюлган баадан ашырып саткан ишкерлерге карата абдан көп айып салынганын белгиледи.

"Мал кымбаттап жаткандан кийин этти арзан саттырыш кыйын болуп жатат. Андыктан ири соода түйүндөрүндө арзаныраак эт сатууну карап жатабыз. Башка өлкөлөрдөн эт алып келе алабыз деген компаниялар чыкты. Алар менен бүгүн сүйлөшөбүз. Бийлик эттин импортуна уруксат берип, бардык тоскоолдуктарды алып салды. Ошол эле маалда Кыргызстандан малды экспорттоого тыюу салынган", — деди Орозбаев.

Аткаминер социалдык маанилүү товар кайсы өлкөдөн импорттолорун айткан эмес.
Пресс-борбор
Кыргызстан өзүн кайсы азык менен камсыздайт? Министрликтин маалыматы