Бишкекте жеке жашоосун жакшыртам деген кыз көзү ачыкка 100 миң доллар берген

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелип көзү ачык кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, бишкектик кыз жеке жашоосун жакшыртам деп үч жыл көзү ачыкка барып, баш-аягы 100 миң долларга алданган. Жыйынтык чыкпагандан кийин ал милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бир кишини 600 миң сомго алдаган кибершылуундук. Шектүүдөн 700 SIM-карта табылды