Бишкектин түндүгүндөгү айланма жол кандай болуп өзгөрүүдө. Видео

Ушу тапта борбор калаа Бишкектин түндүгүндөгү айланма жолдо курулуш жүрүп жатат. Sputnik ал жерге барып, жасалып жаткан иштерди тартып келди.
Sputnik
Планга ылайык, айланма жолго кошумча байламта жолдор салынууда. 33 чакырымдык трассада бир да жол чырак болбойт. Жолдун ири кесилиштерине эстакадалык көпүрөлөр курулмакчы. Макулдашуу боюнча айланма жол 2026-жылдын декабрында пайдаланууга берилиши керек.
Буга кошумча, Лебединовка — ГЭС-5 жолу да оңдолуп жатат. 5,1 чакырымдык трасса төрт тилкелүү болуп, негизги жумуштары быйыл бүтүшү керек.