Кыргыз волейболчулары дүйнө чемпионатына барат — даярдык, машыгуулар

Sputnik
Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча U-21 кыздар курама командасынын оюнчулары Роза Расулбекова жана Айтурган Айтбекова Мексикада өтө турган дүйнө чемпионатына барат. Ири спорттук мелдешке даярдык, окуу-машыгуу жыйындары тууралуу Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Дордой волейбол клубунун оюнчусу Роза Расулбекова сөз кылды.