Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкекте «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III парламенттер аралык форуму өтөт. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө. Форумдун жүрүшүндө «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу» талкууланмакчы.
Мамлекеттик ооруканаларда милдеттүү түрдө беш жыл иштеп берүү механизми кандай ишке ашарын Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык ресурстар жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Махаббат Асанкулова айтып берди. Буга чейин парламент медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн окууну аяктагандан кийин беш жыл мамлекеттик ооруканаларда иштөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырган. Асанкулованын айтымында, адистерди аймактардагы кадрлардын жетишсиздигине жана медициналык багыттарга жараша бөлүштүрүү пландалууда. Ал ошондой эле ,жаш дарыгерлер үчүн стимулдаштыруучу чаралар каралганын кошумчалады. Мисалы, "Жаш дарыгердин депозити" программасы боюнча адистер квартал сайын 66 миң сомдон алышат. Мындан тышкары, аймактарга жиберилген бюджеттик формадагы ординатор-студенттер ай сайын 20 миң сом стипендия алышат.
Мамлекеттик салык кызматы "НОМОС" жоопкерчилиги чектелген коому салык мыйзамдарын одоно бузуп, мамлекетке олуттуу зыян келтирүүгө шектелгени үчүн компаниянын уюштуруучусун издеп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта аталган компаниянын негиздөөчүсү Токтосунова Асия Адылбековна экени айтылган. "Ишкана 2024-жылдын август айында катталган. Кыска мөөнөттүн ичинде өлкө аймагына 3 миллиард 506 миллион 184 миң 546 сомго жемиш ташып келген. Бирок расмий салыктык отчетунда бул товарлардын андан ары сатылганы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Натыйжада 400 миллион сом өлчөмүндө салык төлөнбөй калууда", — деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик салык кызматы Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат. Мекеме ушул эле жарандын атына дагы беш компания катталганын, алардын бирөөндө дагы ишкердиктин белгилери жөнүндө маалыматтары жоктугун жана өлкөнүн бюджетине бир дагы сом салык төлөбөгөнүн белгилеген. Салык кызматы Токтосунова Асия Адылбековнадан байланышка чыгууну суранды.