Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөр тездик менен киргизилип жатат. Улуттук банктын маалыматына караганда, ELQR системасына 20 коммерциялык банк, 14 төлөм уюму туташтырылган, 32 мобилдик тиркеме иштейт. Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык эсептешүү эсептери, 9 млн 800 мин банктык карталар, 3,5 млн идентификацияланган электрондук капчыктар жана 3 млн агенттердин мобилдик тиркемелери тейленет. 2025-жылдын биринчи жарымында эле QR коддор аркылуу рекорддук 274 млрд 900 миллион сом иштетилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,9 эсеге көп. Бул өсүш республика боюнча 80 миңден ашык соода түйүндөрүндө QR-коддорду масштабдуу орнотуу менен шартталган. Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүү технологияларга жана инфраструктурага, анын ичинде рыноктун катышуучуларынын өздөрүнө тиешелүү бир катар факторлорго көз каранды.
“Учкун” ачык акционердик коомунда автоунаалардын номерлери чыгарыла баштады. “Учкун” ААКнын директору Бакытбек Султановдун айтымында, ишкана номерлерди даярдоо үчүн штамптоочу жабдууларды өз каражатына Кытайдан сатып алды. Анын баасы болжол менен 1,5 млн долларга жетет. "Биз Франция, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болдук. Азыр баары Кытайдан соода кылышат, чийки затты да сатып алышат. Буга чейин жеткирүүнү жеке компания жасачу, эми унаалардын номерлерин даярдоонун баасы эки эсеге арзандады. Биздин жетекчилик коррупцияны жоюп, жеке ишканалардын катышуусуна жол бербөө максатын койду. Азыр мамлекеттик ишканалар гана катышып жатат", - деди ал. Өндүрүштүк-техникалык борбордун жетекчиси Жоомарт Жамангулов белгилегендей, жалпы жонунан 10 жабдык, ошондой эле 6 айга жетчүдөй кошумча керектелчү каражаттар сатылып алынды. Мындан тышкары дагы алты айга алдын ала буюртма берилди. "Бул жерде "Унаа" мамлекеттик ишканасынын мурдагы кызматкерлери да иштешет. Учурда кытайлык адистер биздин кызматкерлерди окутуп жатышат", - деди ал. Жоомарт Жамангулов кошумчалагандай, цехте жалпысынан 18 адам иштеп жатат.
Бишкекте Мурманск жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан 2,48 гектар жердеги сейил бак менен Ж.Алыкулов атындагы ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Парктын аймагына балдар аянтчасы, воркаут-зона, 810 чарчы метрлик чуркоо жолу курулуп, 3 300 чарчы метр таман таш төшөлдү. Ошондой эле отургучтар, жарыктандыруучу чырактар, шахмат столу бар аянтча жана таштанды челектер коюлду.Мындан тышкары, 150 даана дарак отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен 414 даана суу агызуучу жана дренаждык лотоктор орнотулган. Аталган объект шаарды көрктөндүрүү, спортту өнүктүрүү жана жашыл фондду көбөйтүү максатында ишке ашырылды. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев катышты.