Республикада кош бойлуулук жана төрөт жөлөк пулу аялдардын ден соолугун жана баланын саламаттыгын коргоо максатында төлөнөт. Алгачкы 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө иш берүүчү тарабынан ал эми 11-иш күнүнөн баштап республикалык бюджеттен 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) өлчөмүндө төлөм берилет. Ошентип бир жолку берилүүчү жөлөк пул 7500 сомду түзөт. Бул жөлөк пул кайсы аялдарга жана кандай шартта берилет? Кандай документтер керектелет? Жөлөкпулду кайсы мекемеден жана кандай жол менен алса болот? Бүгүнкү күнгө чейин канча аялга, жалпы канча сом төлөнүп берилген? Ушул жана башка суроолорубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрүнөн жооп ала алдык.