Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2026-жылдын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Ага ылайык, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган. Энергетикалык коопсуздук, инвестиция, кадрларды даярдоо, импортту азайтуу тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маек курду.