БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы бир жылдык согуш 120 миллиард долларды чапчыса, анын ичинен 60 миллиардын союздаштардан суроого туура келерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бир жылдагы чыгым 120 миллиард доллар: 60 миңин украин бюджети берет. Ал эми келерки жылга дагы 60ты табышым керек", — деп Зеленский Европарламенттин башчысы Роберта Метсола менен Киевде биргелешип берген маалымат жыйында айткан.
Мындан мурдараак Жогорку Раданын бюджет боюнча комитетинин төрайымы Роксолана Пидласа Украинанын келерки жылдагы коргонуусуна 120 миллиард доллардан кем эмес акча керектелерин айткан. Ал да каражаттын жарымын Киев бийлиги өзү таба тургандыгын кошумчалаган. Ал эми Украинанын коргоо министри Денис Шмыгаль Киев Батыштагы союздаштарынан Украинанын муктаждыгына дагы 60 миллиард доллар алууга аракет кыларын билдирген.
Зеленский июль айында Украинанын коргонуусу менен коопсуздук тармагынын чыгымдарын быйыл 412 миллиард гривенге (9,8 миллиард доллар) көтөрүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Сентябрда өлкөнүн финансы министри Сергей Марченко Украинанын 2026-жылдагы бюджетинин тартыштыгы 16 миллиард еврону түзөрүн айткан эле.