БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын борборун Жалал-Абадга (Манас шаарына) көчүрүү азыр күн тартибине коюлган эмес, эч кандай андай ой жок. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев интервьюсунда айтты.
Атайын кызматтын жетекчиси анткен менен баш калаа Манас деп аталса деле жакшы болмоктугун кошумчалап, аны эл референдумда чечерин, бирок өлкө жетекчилигинде мындай ой жоктугун белгиледи.
Ташиевдин айткандарынын урунттуу жерлери:
Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо менин да идеям деп айтсам болот;
облустун аталышы ошол боюнча калат;
Жалал-Абаддын тез өнүгүп жатканынын себеби — жергиликтүү бийлик ыкчам иштөөдө;
Башкаларга деле жетиштүү каражат бөлүнүүдө, бирок алар жакшы аракет кылбай жатышат. Айрымдары бөлүнгөн акчаны төгүп-чачып жок кылышты.
Эске салсак, кечээ, 17-сентябрда, президент Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо боюнча мыйзамга кол койду.