Советтик гвардиянын түптөлүү тарыхы. Видео

8-сентябрда 1941-жылы эрдиктин жана бекем каармандыктын символу болгон Советтик гвардия түптөлгөн.
Sputnik
Бул күнү 100, 127, 153 жана 161-дивизиялар 1-гвардиялык, 2-гвардиялык, 3-гвардиялык жана 4-гвардиялык болуп Иосиф Сталиндин буйругу менен кайра түзүлгөн. Жоокерлер Смоленскидеги кандуу согушта, айрыкча 1941-жылдагы Ельня козголоңун ийгиликтүү басуу операциясында каармандыгын көрсөткөн.
"Гвардия" түшүнүгүнүн тамыры тереңге кетип, Пётр Iнин доорунан башталат. Ал кезде бул аталыш тандалма аскерлерге берилчү. 1917-жылдагы революциядан кийин бул бөлүктөр жоюлган болсо да 1941-жылы гвардиялык бөлүктөр кайра жанданган. Гвардиялык түзүмдөр Кызыл Армиянын өзөгүнө айланып, Сталинграддан Берлинге чейинки эң татаал операцияларда болгон.
Баатырларды өзгөчө кылып сыйлоо үчүн Сталин төш белгисин иштеп чыгууга уруксат берген. Башында жаңы форма өтө кымбат болуп, ошондон улам художник Дмитриев "Гвардия" белгисин иштеп чыккан. Ал СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1942-жылдын май айында расмий бекитилген. Бул белгини бардык гвардиячылар салтанаттуу түрдө алып жүргөн жана гвардиялык бөлүктөрдүн тууларына да илишкен.
Гвардиялык бөлүктөрдүн аскерлери маанилүү материалдык артыкчылыктарга ээ болушкан. Командирлерге айлык 1,5 эсе, катардагы жоокерлерге эки эсе көп төлөнгөн.