Садыр Жапаров мектеп көйгөйү боюнча үн катып, чечүү жолдорун дагы айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мектептеги класстарда балдардын саны 40-50дөн ашып жатканына комментарий берди.
Өлкө башчы “Кабар” агенттигиндеги маегинде көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу эмес экенин белгилеген.
“Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоосу жоктугу менен байланыштуу. Балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда”, — деген өлкө башчы.
Ошондой эле президент МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына жана бош турган имараттарга мектеп уюштурууну Бишкек мэриясына тапшырганын айтты.
“Мындан ары депуттаттардын добуш алуу үчүн мектеп салганын токтотобуз. Мисалы, сонун эле мектеп турса жанына экинчи корпус салдыргандар болуптур. Ошол эле учурда кошуна айылдагы мектеп жараксыз турган болот. Мындан ары мектептерди Агартуу министрлигинин сунушу менен гана салабыз”, — деген өлкө башчы.
Президент эмдиги жылы 1-апрелден баштап мугалимдер менен медиктердин маянасы көтөрүлөрүн дагы айткан. Ал өлкө боюнча мугалимдердин тартыштыгы 2,5 миңден 947ге чейин түшкөнүн кошумчалады.

“Эмдиги жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Мындан сырткары, педагогикалык окуу жайды бүткөндөрдүн басымдуу бөлүгү мектептерге жөнөтүлөт. Ошондой эле бала бакчалардын тарбиячыларын башталгыч класстарга тартуу, студенттерди дуалдуу билим берүү аркылуу мектепке эрте аралаштыруу сыяктуу чаралар көрүлүүдө. Мугалимдердин тартыштыгы чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып, айлык алып да иштешет”, — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы бул көйгөйдү чечүү үчүн мугалимдердин депозиттери узак мөөнөттүү ипотекага айландырыларын, дипломдуу ишсиздер кайра окутулуп, кошумча акы төлөнгөн ыктыярчылар тартыларын кошумчалады.
Ипотекалык үйлөрдүн биринчи кабатында мектеп уюштурулат