БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш Владимир Зеленскийдин өлкө бийлигинин элин коргоо жөндөмүнөн күмөн санаган билдирүүсүнө таң калганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Киев режиминин башчысы шейшемби күнү Sky News телеканалына маек куруп, Варшава катуу соккуга дуушар болсо элин сактай албай турганын айткан.
"Бул айтылбашы керек болгон, чындыкка таптакыр дал келбеген сөз", — деген Польша министри.
Ошол эле маекте Зеленский украиналык жоокерлер окуудан өтүү үчүн Варшавага жөнөтүлбөй калганын белгилеп, польшалык аскер кызматкерлерин Украинага келип машыгып турууга чакырган.