Радио

Артыкова: өлкөдөгү эң кымбат коллекциялык тыйындын баасы 93 миң сом

Улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Артыкова учурдагы эң кымбат коллекциялык тыйын "Тай туяктын" салмагы 500 граммга жетерин билдирди.
Sputnik
Эгемендик алгандан бери Улуттук банк коллекциялык тыйындын 98 түрүн чыгарды. Бул тууралуу Күмүшай Артыкова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мунун ичинен айрыкча алтын монеталарга суроо-талап абдан жогору.
"Улуттук банк баш-аягы коллекциялык тыйындын 98 түрүн чыгарган. Анын ичинде алтындан — 6, күмүштөн — 68, жез-никелден 24 түрү даярдалган. Жасалгалары абдан кызыктуу, өзгөчө технология колдонулган. Алтын тыйындар сатылып бүткөн, анткени суроо-талап абдан жогору. Учурда Улуттук банк сатыкка койгон коллекциялык тыйындардын эң кымбаты 93 миң сом. Ал — "Тай туяк" аталышындагы салмагы 500 грамм болгон күмүш монета. Ал эми бюджеттик түрлөрү тууралуу айтсак, жез-никелден жасалган 700-900 сомдук коллекциялык тыйындар бар. Орточо баадагылар болсо 4 миң сомдон 6 миң сомго чейин турат", — деди Артыкова.
Ошондой эле ал сатылып жаткан тыйындардын тизмеси менен Улуттук банктын сайтынан таанышууга болорун кошумчалады.