Энергетика министри быйыл Кыргызстанда эң оор кыш болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурдагы жылдарга караганда абдан аз. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Ал былтыр 12,4 миллиард куб метр суу топтолгонун, быйыл андан дагы 1,6 миллиард куб метрге аз чогулганын, андыктан алдыдагы кыш энергетика тармагы үчүн эң оор болорун белгилеген.
Аткаминердин айтымында, өлкөдө өндүрүш өсүп, электр энергиясын керектөө 18 миллиард киловатт-саатка жетип, колдонуунун көлөмү жылына 1 миллиард киловатт-саатка көбөйүп жатат.
"Ички генерация 14-15 миллиард киловатт-саатты түзүүдө. Калган 3-4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы кошуна өлкөлөрдөн импорттолууда", — деди министр.
Ал 2028-жылга карата өлкө энергетикалык эгемендикке жетип, өзүбүздү толук камсыздаган абал түзүлөрүн кошумчалады. Учурда курулуп жаткан энергетикалык долбоорлордун басымдуу бөлүгү ошол учурга барып ишке берилерин айтты.
Үч мамлекет Токтогулдагы сууну сарамжал пайдалануу үчүн протоколго кол коюшту