Жалал-Абадда 5 мектептин директорлору иштен алынып, бирөө кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда айрым мектеп директорлору пара алып, акча чогултканы үчүн иштен алынып, бирөө кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Токтогул районундагы Н.Бримкулов атындагы №4 мектептин директору Ш.Б.Ж., Сузак районундагы Ч.Айтматов атындагы № 2 мектептин директору Ю.Г.Р. жана А.Юнусов атындагы №65 мектептин директору А.Н.З. мектептин муктаждыгы үчүн деген шылтоо менен мугалимдерден акча талап кылып, ишке орноштуруу үчүн пара алышкан. Ошондой эле Россияда эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө аттестат берүүгө шектелишүүдө.
"Мындан тышкары, №94 мектептин директору Н.Г.Р. жана №4 мектептин директору Ш.Г.Т. ушул сыяктуу эле коррупциялык схема уюштурууга айыпталып, иштен бошотулду", — деп айтылат кабарда.
Иликтөө жүргүзүү учурунда №2 мектептин директору Ю.Г.Р. УКМК кызматкерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылганы үчүн кармалганы айтылды.
Жалал-Абадда жасалма документтерди саткан топтун мүчөлөрү кармалды. Видео